Бүгүн, 3-декабрдагы ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору талкууланууда.
Долбоор биринчи окууда каралып, баяндамачы Экономика жана коммерция министринин орун басары Гюльшат Асылбаева маалымат берди.
Жыйын учурунда депутат Бактыбек Сыдыков сөз сүйлөп жатып Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын ишин сынга алды.
Анын айтымында, камсыздандыруу боюнча калкка түшүндүрүү иштери жакшы жүрбөй жатат.