Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков качкын президент Курманбек Бакиев менен жолукпаганын билдирди.
«Биз төраганы коштоп жүрдүк. Бул кишинин ар бир кадамы жазылган. Ошондуктан бизде мүмкүнчүлүк дагы болгон жок. Ар кандай имиштер болуп жатат. Чындыгында мен Бакиев менен учурашкан жокмун өзүм үчүн жооп берейин, спикер дагы учурашкан жок»,-деди депутат.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин делегациясы өткөн жумада Минск шаарына барган. Көп өтпөй социалдык тармактарда Шакиев депутаттар Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков болуп Бакиев менен жолуккан деген маалымат тараган.
Ал эми төраганын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев бул маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп атаган.
Кошумчалай кетсек, Курманбек Бакиев 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып, учурда ошол жакта жашайт. Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган.