• Дүйшөмбү 17 Бугу 2021

Жапаров Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

21 апреля 2021 в 9:22 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына улуу жазуучунун жубайы Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул — анын үй-бүлөсү жана туугандары үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Мария Айтматова биздин эсибизде камкор эне, үй-бүлө очогунун сактоочусу, ошондой эле Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган улуу жазуучунун жашоосундагы сүйүктүү жары жана ишенимдүү жубайы катары түбөлүккө калат. Айтматовдордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 135