• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров акимдер менен кеңешме өткөрдү

4 Жалган куран 2022 10:30 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери менен видеоконференция байланышы аркылуу жыйын өткөрдү.

Жыйында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышы, жерлерди трансформациялоо жана башка актуалдуу маселелер каралды.

Жапаров белгилегендей, биринчи кезекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер республиканын жетекчисинин жогоруда аталган чечимин толук аткарууга тийиш.

«Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик органдарынын негизги милдети – жаңы жумуш орундарын түзүү. Алардын ишмердүүлүгү ишенип берилген аймактардагы тазалык жана тартип, жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестиция тартуу, Мамлекет башчынын Жарлыктарынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышы сыяктуу KPI көрсөткүчтөрү боюнча бааланат. Аймактардагы төрөт үйлөрүнүн абалына, сөөк коюуга байланыштуу жер маселесине көңүл бургула. Биз мамлекеттик банктар аркылуу таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалар сыяктуу бизнес долбоорлорду биргелешип каржылоого даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 157