• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Алайда чогулган тургундардын үнүн укту

31 Теке 2022 9:48 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарында жол жээгинде чогулуп турган Алай районунун Таш-Короо айылынын тургундары менен жолугушту.

Чогулгандар айылга жакын жердеги Сары-Таш участкасынан буга чейин таш алууга уруксат берилген лицензияны жокко чыгарууну жана чалгындоо жүргүзүп жаткан компаниялардын ишин токтотууну талап кылышты. Таш-Короолуктардын айтымында айылга жакын жайгашкан кен экологиялык жактан кооптуулук жаратып, жайыт жерлерди талкалоого учуратып жатат.

Жергиликтүүлөрдүн талабын уккан министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров маселени документтерди көрүп чыгуу менен бир айдын ичинде жөнгө салууну, тийиштүү адистердин катышуусунда комиссия түзүү менен жеринде кен аймагын текшерип чыгууну айтты.

Өз кезегинде чогулгандар жолдо баратып токтоп, жашоочулардын суроо-талаптарын уккан министрлер кабинетинин башчысына ыраазычылык билдиришти.

Райондун Гүлчө айыл өкмөтүнүн карамагындагы Таш-Короо айылында 1800дөн ашык калк жашайт. 2015-жылы айылга жакын аралыктагы таш кенине 4 компания чалгындоо иштерине уруксат алган.

Количество просмотров: 847