• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Генрих Балян тууралуу пикирин айтты

23 Кулжа 2021 14:41 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Генрих Балян тууралуу да пикирин айтты.

«Балян деген ишкерди жакшы билесиздер. Бул мамлекеттик банкка болор-болбос күрөө коюп, 2 миллион 500 миң доллар насыя алып кеткен. Бирок бир дагы ай, бир күндүк үстөк пайызын ушул күнгө чейин төккөн эмес. Бул деген мамлекеттик банкты алдап, банктын жетекчилери менен сүйлөшүп алып, аларга пара берип алган жана коюлган күрөө менен гана кутулуп кетейин деген. Бирок УКМК суракка алганда банкирлер пара алганбыз деп моюнуна алышты.

«Керемет банк» 100 пайыз мамлекеттики. 30 жылдан бери ушундай тоноолор уланып келе жатат да. Анан биз аларды «бейөкмөт уюмда иштеген эжеси бар, ал кыйкырып чыкпасын» деп же «бул төбөсү көрүнгөн чоң ишкер» деп унчукпай, мамлекеттин акчасын уурдата беришибиз керекпи?», — деди Жапаров.

Эске салсак, Генрих Балянга карата 204-берене “алдамчылык” менен иш козголуп, ишкер 15-июнда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Андан кийин ал мамлекетке 60 миллион сом төккөнү кабарланган.

Количество просмотров: 257