• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров Алиевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

8 Бирдин айы 2024 14:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-февралда президенти Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан куттукташты.

Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаров Ильхам Алиевди 7-февралда өткөн кезексиз президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Азербайжан элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүшүн каалады.

Өлкө башчылары ошондой эле кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Количество просмотров: 101