• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Анаркуловду кызматтан алды

1 Бирдин айы 2021 15:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Анаркулов Нургазы Сеитказыевич берген арызынын негизинде Кыргыз Респубикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылат.

Эске салсак, 30-январда Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов ири суммадагы акча талап кылууга айыпталып кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында УКМК ККК тарабынан Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы «А.Н.С.» тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши аныкталды.

Такталгандай, кармалган «А.Н.С.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык баюуну көздөп, кызматка дайындоо жөнүндө оң чечим чыгаруу үчүн мамлекеттик жетекчи кызмат орундарынын бирине талапкерден өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Количество просмотров: 189