• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

15 Бирдин айы 202117:54 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров учурда пландаштырылып жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралардын алдында, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы уланып жатканын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантууда жана өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат.

Количество просмотров: 1061