• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Армиябыз күчтүү, мыкты коргонуу шартына ээ болушу үчүн колдоого даярбыз жана каражат аябайбыз

12 Бугу 2022 13:26 Бишкек Govori.TV

«Армиябыз күчтүү, мыкты коргонуу шартына ээ болушу үчүн бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигибизди жана ага каражат аябастыгыбызды баса белгилеп кетейин», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти — Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада катышуусунда.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө буларды белгиледи:

«Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары!

Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департамент мындан туура 80 жыл мурда түзүлүп, бул мезгил ичинде даңктуу күжүрмөн жолду басып өтүп, Кыргызстандагы алгачкы аскердик бөлүктөрдүн бири болуп калды.

80 жыл аралыгында аскердик антка бекем турган жоокерлер абийир менен ар-намысты бийик сактап, мыйзамдуулуктан тайбай, мамлекет тарабынан тагылган маанилүү милдеттерди так аткарып, күзөттө туруп келесиздер.

Өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн катарында сиздердин департамент өз алдынча өзгөчө кызматы менен айырмаланып турат.

Албетте, атайын контингент менен иш жүргүзүү — абдан татаал жана жоопкерчиликтүү кызмат. Күнү-түнү дебей, ысык-суукка чыдап, бардык кыйынчылыктарды жеңе билүү менен мамлекеттеги тынчтыкты жана туруктуулукту сактап, жүктөлгөн милдеттерди так жана ак ниет аткарып жатасыздар.

Армиябыз күчтүү, мыкты коргонуу шартына ээ болушу үчүн бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигибизди жана ага каражат аябастыгыбызды баса белгилеп кетейин.

9-майда биз Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгиледик. Мына ошол согушта генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков Советтер Союзунун баатыры наамын алган.

Департаменттин тарыхына карасак, ушул аскердик бөлүк 1942-жылы түзүлгөн экен. Элибиздин даңктуу уулу, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун өз мезгилинде сиздердин кызматта милдетин өтөгөндүгү баарыңыздарга чоң сыймык болуш керек деп эсептейм.

Ушундай улуу инсандарыбыздын тайманбас эрдиги жана каармандыгы, мыкты адамдык сапаттары Департаменттин аскер кызматкерлери менен жоокерлерине өрнөк болуп, алардын эр жигиттик мүнөзүн калыптандырып, Мекенин берилип сүйүүгө үндөп турат. Сиздер мына ошол аталарыбыздын баскан жолун, кылган ишин татыктуу улантып келе жатасыздар деп бекем ишенем!

Учурдан пайдаланып, турмуштук жана кызматтык бай тажрыйбасын кийинки муундар менен тең бөлүшүп, жаш жоокерлерди мекенчилдикке тарбиялоо үчүн чоң салымын кошуп келе жаткан Департаменттин ардагерлерине ыраазычылык билдирем.

Урматтуу аскер кызматчылары!

Баарыңыздарды Департаменттин 80 жылдык мааракеси менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Мындан ары да кайратыңыздардан жанбай, чын ниетиңиздер менен мамлекетибизге кызмат кыла бересиздер деп үмүт кылам.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт тилейм! Ишиңиздерде сергектик, кыраакылык болуп, албан-албан ийгиликтер коштосун!

Дүйнөдө жана Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болсун!».

Количество просмотров: 53