• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Армиябызды «митингге чыгып жатышкан казак бир туугандарды аткыла» деп жиберип жаткан жокпуз

6 Үчтүн айы 2022 19:05 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Казакстанда болуп жаткан окуялар боюнча өз пикирин билдирди. Ал билдирүүсүн соцтармактыгы баракчасына жарыялады.

«Боордош коңшу Казакстанда болуп жаткан жагдай боюнча ар ким ар кандай ой пикир айтып, 20-30дай популист жаран жеке кызыкчылыктары үчүн ушундай трагедиядан өздөрүнө пиар жасап калайын деген максаттарды көздөп Ак үйдүн алдына чыга калышты. Менин сиздерден суранарым мындай трагедиядан арзан пиар кылгандан алыс болсоңуздар. Силер эле мекенчил, акылдуу болуп, биз болсо көчөдө жүргөн адамдар эмеспиз. Биз дагы «жети өлчөп, бир кесип» жатабыз. Биз армиябызды «митингге чыгып жатышкан казак бир туугандарды аткыла» деп жиберип жаткан жокпуз. Өз элин атпаган аскерлерибиз казак бир туугандарыбызды дагы атпасына терең ишенебиз. Тескерисинче туруктуулукту орнотконго жардам бергиле деп жөнөтүп жатабыз.

Кандай жардам?
Азыр ушул тапта Казакстанда көптөгөн мамлекеттик стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчтөрү жетишпей турган мезгил экен. Бизден жардам сурады. Биз жардам беришибиз керек. Анткени ЖККУ нун туруктуу мүчөсүбүз. Келишимге мурда эле кол коюлуп, Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөн экен. Кайсы жерге барышат, кандай мекемени кайтарат жана башка маселелердин баарын такташып алып, анан жардам берели дедик. Айрым депутаттар дагы популисттердин айынан каршы пикирлерин айта башташты.

Урматтуу депутаттар, каршы болбогула деп суранып кетет элем. Кам санабагыла. Азыр Казакстанда абал турукташып калды. Ошентсе дагы колубуздан келген жардамыбызды берип коелу. Коңшуларыбызда тынчтык болсо, бизде дагы тынчтык болот», — деп жазат ал.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптарга саясий чакырыктар кошулду. Өлкөнүн башка аймактарындагы кырдаал боюнча маалыматтар жок. Шаршемби күнү Алматы Казакстандагы окуялардын чордонуна айланды. Шаарда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти.

Казакстандын расмий бийлиги ондон ашык полиция кызматкери каза тапканын, миңден ашууну жаракат алганын маалымдады. Митингчилер арасында да жоготуулар бар экени тууралуу кабарлар айтылып жатат, бирок расмий бышыктала элек. Алматы полициясы буга чейин ондогон адам каза тапканын билдирген.

Бейшембиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанда кызматын өтөй баштаганын ырастады.

Количество просмотров: 1543