• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров: Азырынча парламентке бир мандаттуу жол менен шайланып келүү туура болбой калат

16 Тогуздун айы 2020 12:08 Бишкек Govori.TV


Жаңы парламент шайланып келгенден кийин конституциялык реформага барсак туура болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, азырынча парламентке бир мандаттуу жол менен шайланып келүү туура эмес болуп калат.

«Мен мыйзамдардын баарын карап чыктым. Бүгүнкү күнгө чейин мыйзам тааласынан чыкпайлы, мыйзамдуу жол менен кетели деп жатабыз. Мыйзамдын алкагынан чыкпайбыз. Президенттик шайлоо болушу керек. Ушул же кийинки жумада анын өтө турган күнүн белгилейбиз. Президенттик шайлоо 90 күндүн ичинде болушу керек. Азырынча парламентке бир мандаттуу жол менен шайланып келүүнү туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча парламнеттик шайлоо партиялык система менен өтүшү керек экен. Эгер аны өткөрбөй конституциялык реформага барабыз десек мыйзам тааласынан четтеп кетет экенбиз. Жаңы парламент шайланып келгенден кийин конституциялык реформага барсак туура болот экен. Менин жеке оюм ушундай, эч кимге таңуулаган жокмун. Аны фракциялардын лидерлери, спикер менен отуруп, кеңешсек. Бир чечимге келгенден кийин анан парламенттик шайлоону дайындайлы», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 194