• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаров Байденге көңүл айтты

13 Бештин айы 2021 8:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байденге Американын Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан адамдардын курман болгонун жана кыйроолор тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул жаратылыш кырсыгынан улам курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Количество просмотров: 183