• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров: Бакиев келсе камакта олтуруш керек

21 Бирдин айы 2023 12:02 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, мурдагы журт башчылары менен болгон жолугушуусу тууралуу кептерге жооп берди. Алардын катарында качкын президент Курманбек Бакиев тууралуу да суроо узатылган.

Президент Жапаров журналисттин суроосуна жооп берип жатып, «Ооба, ал киши боюнча “соттолду” деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп 4 жолу суроо-талап жөнөткөн экен. 4 жолу тең баш тартышкан. Менин жолугушуум боюнча айтсам. Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2 пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет», — деп билдирген.

Ошондой эле журналист «Өз постуңузда кечиримдүүлүккө чакырдыңыз. Башкы максаты эмне? Суроомду түз эле берейин, Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келели деп жатасыңарбы?» деп суроо узаткан.

«Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек», — деп жооп берген.

Количество просмотров: 681