• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров мурдагы президенттердин жолугушуусу боюнча жаралган кептерге жооп берди

21 Бирдин айы 2023 11:32 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, мурдагы журт башчылары менен болгон жолугушуусу тууралуу кептерге жооп берди.

Маекти толугу менен беребиз:

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

— Саламатчылык.

— Түз эле суроолорубузга өтө берсек. Мурдагы президенттер менен болгон жолугушууну уюштурууга эмне түрткү болду? Жалпы элге абдан кызыктуу жана табышмактуу болуп турат. Бардыгын бир жерге чогултуу оор болдубу? Макул көрсөңүз толук айтып берсеңиз. Кандай тосуп алдыңыз? Алар кандай келишти? Кайсы темада сөздөр болду? Кандай узап кетишти дегендей?

— Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган. Андан кийин анан бардык экс-президенттерди чогулттук. Албетте ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти.

Мен сөз баштадым: «Урматтуулар, негизги сөзгө өтөөрдөн мурда, сиздерге бир нерсени айтып коеюн. Кыргыз саясатчылары жалган сөздөрдү таратмай адатыбыз бар эле. Тилекке каршы, элибиз дагы ошондой ушактарга тез ишенип алат. Мен жөнүндө 13 жылдан бери эле «Бакиевден акча алып келип революция кылганы жатат, Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алып шайлоого барды. Экөөнө көз каранды» деген сыяктуу жалган сөздөрдү тараткандар болду.

Кудайдын куттуу жери, пайгамбарыбыздын буту баскан ыйык жерде олтурабыз. Бирөөңөрдөн бир тыйын алган болсом, ушул жерден Кудай алдында айткыла», — дедим. — Албетте жок дешти. Кыскасын айтсам, «ушул жерде олтурган баарыңыздардын алдыңарда финансылык дагы, саясий дагы карызым, милдеттемем жок. Менин президент болушума бирөөңүздөрдүн дагы тиешеңер жок.

Бир гана Кудай алдында, анан карапайым элдин алдында милдеттүүмүн. Кудай колдоп, карапайым эл алып келип бийликке койду. Ошондуктан “арабызда олтургандардын арасынан бирөө-жарымга милдеттенмеси барбы” деген ар кандай күмөн ойлордон алыс болуңуздар.

Сидерди чогулткан себебим бирөө эле — ынтымакка алып келүү. Башчылар ынтымакка келмейин, башкалар ынтымакка келиши кыйын экен. Ошондуктан тарапташтарыңарды ынтымакка чакыргыла. Чындап келсе мен силердин тарапташтарыңардын колдоосуна деле муктаж эмесмин. Өзүмдү колдогон 80 пайыз элдин колдоосу деле президенттик мөөнөтүм бүткөнчө жетет. Бирок калган 20 пайыз эл “баланчаевчи, түкүнчөевчи” болуп алты-жетиге бөлүнүп жүрөт. Келгиле бир эле кыргызстандык бололу. Көрүп турасыздар, дүйнөдө акыбал начар болуп турат. Кыргызстан эми гана бутубузга туруп келатабыз. Былтыр экономикабызда жакшы жылыштар болду. Быйыл андан да жакшы болот. Эмдиги жылы андан беш бетер болот. Кылымдын долбоору болгон темир жол, ири ГЭСтерди куруу иштерин баштадык. Ушундай ири долбоорлорду ишке ашырып алышыбыз керек. Ошондо Кыргызстандын келечеги кең болот. Күчтүү мамлекет болобуз, Кудай буюрса», — дедим.

Менден кийинки сөздү улуулашып Аскар Акаевич улады. Андан соң баары сөз сүйлөп, “ынтымакка келели, бир муштум болуп биригели” деген демилгемди колдоп кубатташты. Баары 4 саатка жакын убакыт жакшы олтуруп, анан тарап кетишти.

— Бул жаңылык чындыгында коомчулуктун көпчүлүк бөлүгүн таң калтырды. Талкуу аягы азыркыга чейин уланууда жана жакын арада дагы бүтө турган эмес. Айрымдар Бакиев мыйзам чегинде соттолгонун айтып, сизди ал кылмышкерди кармагандын ордуна эмнеге жолугушуп жүрөт дешүүдө?

— Ооба, ал киши боюнча “соттолду” деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп 4 жолу суроо-талап жөнөткөн экен. 4 жолу тең баш тартышкан.

Менин жолугушуум боюнча айтсам. Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2 пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет.

— Өз постуңузда кечиримдүүлүккө чакырдыңыз. Башкы максаты эмне? Суроомду түз эле берейин, Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келели деп жатасыңарбы?

— Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек.

— Эми мындан аркы кадамдар кандай болот?

— Бул ынтымак жолугушуу өз жолу менен, мыйзам алдында кимдин жоопкерчилиги болсо, ал өз жолу менен улана бериши керек. Мыйзамдарды, соттун чечимдерин аттап өтмөй жок! Мындан ары деле ынтымак чогулуштарды улай беребиз. Мен бардык саясатчыларды ынтымак столго олтургузууга даярмын. “Ынтымак бар жерде — ырыс бар” дейт эмеспи элибизде.

— Саясатчылар демекчи, Мадумаровду деле ынтымак столго чакырып койбойсузбу?

— Ой аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, — дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек.

— Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн Сизге рахмат!

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Количество просмотров: 9764