• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаров Баткенде чек ара меселесин чечүүнү убада кылды

21 Жалган куран 2022 11:34 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-мартта Баткенде Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып аймактагы чек ара меселесин чечүүнү убада кылды.

“Жалпы республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлеп, чоң потенциалга ээ. Мына ушундай өлкө чеги башталган жерде жайгашкан, зор потенциалга ээ аймакты өзүнчө облус кылып түзүү иштери өз маалындагы эң туура чечимдердин бири болгон. Тилекке каршы, башталган кадам андан ары ташталбай, облус макамындагы аймакка анчейин көңүл бурулбай келгени, албетте, өкүндүрөт. Буга чейин чечилбей, бийликтен бийликке көйгөйлүү мурас болуп кала берген чек ара маселесинде чыр-чатактар куралдуу жаңжалга айланып, кейиштүү окуялар да болуп кетти. Биз, Кудай буюрса, мындай көрүнүштү кийинки муундарга калтырбайбыз”, — деди ал.

Баткен облусу Кыргызстан Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Тажикстан менен чек аранын 40%, Өзбекстан менен 15% тактала элек. Жер жана суу талашка байланыштуу Баткендин чектеш тилкелеринде чыр-чатак көп катталат.

Количество просмотров: 432