• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров Баткендеги медициналык академиянын комплексинин курулушуна капсула салды

28 Кулжа 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөп жатып бул окуянын Баткен облусунда жашаган мекендештер үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүн Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин курулушу башталууда.

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.

КММА бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы — 603, 5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүндү, мындан сырткары, 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздоо милдети турат.

«Кыргызстандын бардык жеринде мындай комплекстерди куруу зарыл болуп турат. Кудай буюрса ар бир облусубуздун борборунда ушундай студенттик шаарчалар курулат. Облустарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар эле калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз кажет.

Мына ушундай максатты көздөп, эң жаш облус катары, Баткен облусунан баштап олтурабыз. Баарынан мурда аталган комплекстин максаты келечекте жергиликтүү элдин ден соолугуна кам көрүү жана кесипкөй адистерди даярдоо болуп саналат», — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы мындай заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу Баткен жергесиндеги медицина кызматкерлеринин демине дем болуп берерине жана борбордун бүтүрүүчүлөрү ак халатчандардын катарын толуктарына ишеничин билдирди.

Президент келечекте бул комплекс Баткен жергесине кызмат кылып, ийгиликтин башатына айлануусун каалады. Илимге, билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин.

Капсула салгандан кийин Садыр Жапаров чогулган жергиликтүү жашоочулар менен баарлашып, алар аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфрастуктурасын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди көтөрүштү.

Ошону менен бирге тургундар мамлекет башчысына алардын аймагына көңүл бургандыгы жана колдоосу үчүн, ошондой эле эмгек акылар менен жөлөкпулдардын сезилээрлик жогорулоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Садыр Жапаров Баткен облусуна мамлекет тараптан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана мындан ары да бурула берерин белгиледи. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн бардык күч, ресурстар улуттук максаттар менен тапшырмаларды ишке ашырууга багытталууда.

Жолугушуу соңунда президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө айтылган маселелерди чечүү үчүн тийиштүү тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 291