• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Билимдүү улут гана өлкөнү өнүктүрүүнүн чыныгы локомотиви боло алат

23 Баш оона 2022 13:20 Бишкек Govori.TV

Билимдүү улут гана өлкөнүн өнүгүүсүнүн чыныгы локомотиви боло алат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн билим берүү кызматкерлеринин, билим берүү тутумунун жетекчилеринин республикалык педагогикалык кеңешмесинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы сөзүнүн алдында бүгүн Россия Федерациясында мекендештерибиздин жол кырсыгынан каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыяланганына токтолду. Ал каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, туруктуулук – бул биздин муун үчүн колдо болгон бардык ресурстарды аяр сактап, кийинки муундарга жеткирүү менен мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсү.

«Ал эми билим алуу жаңы билимдерге ээ болуп, жаңы иш-аракеттерди жана ой жүгүртүү ыкмаларын үйрөнүүгө жана жашоого мүмкүнчүлүк берет. Ал азыркы кезде бүткүл дүйнө жүзү, анын ичинде биздин өлкө туш болуп жаткан чакырыктарга жооп берүүгө мүмкүндүк берет. Ал коомдогу тынчтыктын жана туруктуулуктун, экономикалык өнүгүүнүн жана жаратылышты коргоонун негизи болуп саналат. Билимдүү улут гана өлкөнүн өнүгүүсүнүн чыныгы локомотиви боло алат! Бирок коомдо балдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктар орун алса, бул мүмкүн эмес болуп калат. Анын үстүнө балдарга карата зордук-зомбулуктун статистикасы, тилекке каршы, өсүп жатат», — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, жакында эле «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, анын ичинде Кылмыш-жаза кодексине жана «Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду.

«Эми балага каршы кылмыш жасаган бир дагы кылмышкер жазадан качып кутула албайт, эскирүү мөөнөтү өткөнүнө карабастан, психикалык жактан ооруса дагы, шарттуу түрдө эркиндикке чыга албайт, мунапыс ала албайт. Баарыбыз, жалпы коомчулук, ата-энелер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер, дарыгерлер жана психологдор, милиционерлер, судьялар, адвокаттар, укук коргоочулар үчүн эң негизгиси – дароо коңгуроо кагып, зордук-зомбулуктун бир дагы фактысын көз жаздымда калтырбастан, дароо жооп кайтарып, мындай учурларды түп-тамыры менен аёосуз жок кылууга жана болтурбоого аракет кылуу керек», — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 137