Президент Садыр Жапаров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосундагы ажырым тууралуу суроого жооп берип, мамлекеттик «Кабар» агенттигине кыскача маек курган.
Президент журналисттин, «Коомдук ишмер, белгилүү санжырачы Мурат Жетимишбаев маектеринин биринде президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда ажырым болду, эми эмне болот деген тынчсыздануусун билдирди. “Мындай тынчсыздануу, санааркоо көпчүлүктө бар” деген да оюн айтты. Эми эмне болот деп санааркай суроо салгандарга комментарий бере аласызбы?», — деген суроосуна төмөнкүдөй жооп кайтарган.
«Эч нерсе болбойт. Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат.
Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Экономикабыздын өсүү темпи жогорулап кете берет. Ички жана тышкы саясат өз нугу менен улана берет».