• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Биз жаңы салык ойлоп тапкан жокпуз

25 Бештин айы 2021 10:58 Бишкек Govori.TV

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө. Анда Жапаров салыктар тууралуу кеп козгоду.

«Биз башкарууну өзгөртүп, фискалдаштырууну күчөтүп – коррупцияны кыскартып кошумча акча каражат таптык. Ушул министрлер кабинетин дайындап жатканда консолидацияланган бюджетти 280 млрд сомго жеткирүү боюнча элге убада кылганбыз. Бул тапшырманы биз аткардык. 2021-жылды 306 млрд сом менен жыйынтыктайбыз же 26 млрд сомго көп болушу күтүлүп жатканын айтып коюшубуз керек. 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрүн 400 млрд сомго чейин жеткизүүгө толук фундамент түзүлдү деп ойлойбуз. Коопсуздук кеңешинде айткан Акылбек Усөнбековичтин иштөөсүндөгү
3 принципти мен толук колдойм. Элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү, салык төлөбөгөн эң оор кылмышка айланат деген принциби. Салык – мамлекеттик казынанын өзөгүн түзүүчү негизги булак. Салык кайра эле өзүбүзгө – жарандардын өз жыргалчылыгына, бакубаттуулугуна жумшалат. Ушуну унутпашыбыз керек. Биз жаңы салык ойлоп тапкан жокпуз»,-деди ал.

Количество просмотров: 934