• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров жаңы башкы прокурорду эмгек жамаатына тааныштырды

22 Тогуздун айы 2020 13:40 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, жаңы Башкы прокурор Курманкул Зулушевди көзөмөлдөөчү мекеменин эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу президенттин аппарытынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Садыр Жапаров Курманкул Зулушевдин прокуратура жана сот системасында көп жылдап иштеп келген кесипкөйлүк тажрыйбасын белгиледи.

Президенттин м. а. анын топтогон тажрыйбасы жана билими прокуратура органдарына жүктөлгөн негизги милдеттерди аткарууга жардам берет, ал эми жеке түзүм жаңы жетекчиге ар тараптуу колдоо көрсөтөт деген ишенимин билдирди.

Ал Прокуратура акыйкаттыкты жана мыйзамдуулукту орнотуудагы негизги орган экенин баса белгиледи.

«Акыйкаттык болбогон өлкөдө эч качан өнүгүү болбойт, андыктан сиз ушул маанилүү иште мамлекеттин таянычы болушуңуз керек. Мамлекеттин негиздери өзгөрүүсүз калууга тийиш», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров, Башкы прокуратуранын кызматкерлерине кайрылып жатып.

Ал Курманкул Зулушевге аталган кызматта ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Башкы прокурор ага ишеним көрсөткөндүгү үчүн Президенттин милдетин аткаруучуга ыраазычылыгын билдирди жана ага берилген милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында Курманкул Зулушевдин талапкерлиги Башкы прокурор кызмат ордуна жактырылган.

Кечээ Садыр Жапаров өзүнүн Жарлыгы менен аны Башкы прокурор кызматына дайындаган.

Количество просмотров: 154