• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров БШКга 30 миң кол топтоп тапшырды

3 Бештин айы 2020 13:28 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкерлер Садыр Жапаров, Бабыржан Төлбаев шайлоочулардан керектелген 30 миң кол топтоп БШКга тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка караганда, президенттикке талапкер болууну каалагандар 3-декабрь, түнкү саат 23:59га чейин 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын чогултуп, тапшырууга тийиш. Ошондой эле миллион сомдук күрөө төгүүсү керек.

«Учурда 2 талапкердин чогулткан колдору кабыл алынды. Учурда дагы бир талапкер Аймен Касеновдун колдочууларынан чогулткан кол тамгалары текшерилип, кабыл алынып жатат» , — деп айтылат маалыматта.

Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календардык планга ылайык, мындан аркы аракеттер төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

  • 6-декабрга чейин талапкерлер өмүр баянын камтыган анкета тапшырат;
  • 14-декабрда БШК катышууга укук алган талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт;
  • 15-декабрдан 8-январь, саат: 00:00гө чейин талапкерлердин үгүт иштери жүргүзүлөт;
  • 10-январда — президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү;
  • 12-январга чейин БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жана катышкан шайлоочулардын тизмесин жарыялайт;
  • 24-январга чейин шайлоо өткөнү же өтпөгөнү расмий жарыяланат.
Количество просмотров: 119