• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында сөз сүйлөйт

21 Аяк оона 2021 10:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 76-сессиянын жогорку деңгээлдеги жалпы дебатынын жумалыгы ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеянын 76-сессиясынын алкагында дүйнөлүк коомчулуктун алдында видео-кайрылуу режиминде сүйлөйт.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн тобунун тышкы иштер министрлеринин, 2021-жылдагы Ядролук сыноолорго тыюу салуу келишимин, Энергетика боюнча жогорку деңгээлде өтүүчү диалог, Эл аралык ядролук куралды толук жок кылуу эл аралык күнүнө карата жогорку деңгээлдеги кеңешме, ошондой эле БУУнун жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Количество просмотров: 338