• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров: Үч президентти кууп чыккан эл төртүнчү президентти бир жылга жеткирбей кууп коет

26 Жетинин айы 2022 17:23 Бишкек Govori.TV

Үч президентти кууп чыккан эл төртүнчү президентти бир жылга жеткирбей кууп коет. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошеванын сынаны жооп берип жатып билдирди.

Жапаровдун айтымында Кыргызстанда парламенттик да, президенттик-парламенттик башкаруу болгон, бирок андан Кыргызстан «жыргап кеткен жок».

«Парламенттик, президенттик-парламенттик башкарууну көрдүк. Жыргап кеткен жокпуз. Мен экөөнү тең көрдүм, иштедим. Буга чейин, акыркы он жылда үч баштуу бийлик болду. Парламент өзүнчө бийлик, тим эле «монстр» болуп алды. Андан кийин өкмөт жана президент.

Сенден башка кандай президент келип каларын ким билет деп айтпадыңызбы. Ооба, туура айттыңыз. Бирок кандай президент келсе дагы, жеке чөнтөгүнө иштеп уурдай турган болсо, кыргыз эли алакандай элбиз, бири-бирибизди жакшы тааныйбыз, ким эмне менен дем алып, кайсы жерден уурдап жатканын билебиз, үч президентти кууп чыккан эл төртүнчү президентти бир жылга жеткирбей кууп коет. Аны көрбөдүкпү. Кыргыз элин эч убакта алдай албайсың», — деди ал.

Кечээ, 25-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунан делегат болуп келген Жылдызкан Жолдошева Кыргызстанга президенттик башкаруу болбой турганын, президенттик-парламенттик башкарууга өтүү керектигин айткан.

Количество просмотров: 682