• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров дүйнө чемпиондоруна 1 млн сомдон тапшырды

26 Аяк оона 2023 17:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеп келген балбандарга акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ошентип, алтын медаль алган — Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековго 1 млн сомдук сертификаттар тапшырылды. Ал эми күмүш медалдын ээси Айпери Медет кызына 750 миң сом, коло медаль багындырган Тайырбек Жумашбек уулуна 500 миң сом берилди.

Ошондой эле жеңишке кошкон салымы үчүн чемпиондордун машыктыруучулук курамына да акчалай сертификаттар тапшырылды

Количество просмотров: 242