• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жапаров депутаттар тез арада чогулуп президенттин милдетин аткаруучуну дайындоосу керектигин айтты

6 Тогуздун айы 2020 8:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда «Ала-Тоо» аянтына чогулган эл менен жолугушууга Садыр Жапаров келди. Ал митингчилердин алдына чыгып, сөз сүйлөп, тез арада президенттин милдетин аткаруучу адамды дайындоо керектигин билдирди.

Муну менен катар саясатчы чогулган элди тароого, бирок алыс кетпөөнү айтты. Анын айтымында ЖК депутаттары чукул жыйынга чогулуп, убактылуу мамлекет башчынын кызматын аткара турчу адамды тандоо керек.

«Баардык чечимдер мыйзам талаасында кабыл алынуусу керек», — дейт саясатчы. Жана ошондой эле Жапаров учурда баардык мамлекеттик органдар бөлүнүп, ээленип калганын айтты.

Эске салсак, 5-октябрда башталган митингдер массалык башаламандык менен уланып, №27 колонияда отурган саясатчы Садыр Жапаров бошотулуп, аянтта чогулган митингчилерге алынып келинген.

УКМК Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда кармап, камакка алган.

Количество просмотров: 100