• Бейшемби 13 Кулжа 2024
  • Четверг 13 Июнь 2024

Жапаров Дубайга келди. Аны кандай тосуп алышты? (Видео)

12 Бирдин айы 2024 17:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына келди.

Мамлекет башчынын борту “Аль-Мактум” эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду БАЭнин билим берүү министри Ахмад Белхул Аль-Фаласи тосуп алды.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров БАЭнин жетекчилиги жана эмираттык компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Количество просмотров: 199