• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Жапаров: Элибиз мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кетти

1 Үчтүн айы 20243:09 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун УТРКдан көрсөтүлгөн куттуктоосу Чүйдүн Орловка лыжа базасында тартылган.

Президент өткөн жылы Кыргызстанда өнүүгө бет алган окуялар көп болгонун белгилеп, өлкөнүн ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомдон ашканын, ири инвестициялык жана инфрастуралык долбоорлор башталганын, салык жана бажы төлөмдөр көбөйгөнүн жана коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүн айтты.

Ошондой эле президент, маданиятты көтөрүүгө жана билимди арттырууга үндөрү.

«Чынында, соңку 30 жылдык тарыхыбызда жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, элибиз мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кетти.

Коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандарыбыздын катмары пайда болду.

Тилекке каршы, бул көрүнүш сөз эркиндиги менен алмашып калды.

Ал аз келгенсип, аны модага айландырып, «блогермин» деп, биздин калкыбыздын менталитетине туура келбеген пикирин таңуулагандар да бар.

Албетте, мунун баары билимдин, маданияттын жеткиликтүү болбогонунан, рухий жардылыгыбыздан болуп жатат.

Мындан улам, руханий өзөгүбүзгө кайтууга мезгил жеткендигин баса белгилеп кетейин.

30 жылдан бери саясат деп жүрүп, мамлекетибизди сазга батырыптырбыз.

Келиңиздер, эң жок дегенде 10-15 жыл саясатты четке коюп, экономиканы алдыга жылдырып, элдин турмушун жакшыртуу менен алек бололу.

Ал үчүн абалкы ата-бабаларыбыздан калган улууга урмат, кичүүгө ызаат кылуу наркын улап, улуулардан ыйбаа кылып, кичүүлөрдүн пикирин сыйлай билүүгө багыт алышыбыз шарт.

“Сөз ооздон чыкканча сенин кулуң, ооздон чыккандан кийин сен сөздүн кулусуң” деп айтылат даанышман элибизде.

Сөз айтууда таразалап сүйлөп, сөздүн жоопкерчилигин сезсек, бизге катарлаш келаткан кийинки муун өкүлдөрүнө мыкты өрнөк көрсөткөн болор элек»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 213