• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаров: «Эшектей ат минип алыптыр» деп шылдыңдадыңар го

31 Баш оона 2022 13:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-августта Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Иш-чарага Акылбек Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик баатырдын 200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында маданий иш-чаралар, тагыраак айтканда “Ынтымак” фестивалы, боз үйлөрдөн турган этникалык айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланууда.

Ошондой эле иш-чара улуттук оюндар менен коштолууда. Алардын катарында алыс аралыка чабылган аттардын жарышы жыйынтыкталып, президент байгелерди тапшырду. Баш байгени Таластан келген саяпкердин күлүгү багындырып, Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирдин ээси болду.

Сыйлык тапшыруу аземинен кийин сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров кыргыз аттары жапалдаш бойлуу болгону менен өтө күлүк жана шамдагай болот деген пикирин билдирди. Ошондой эле президент өз сөзүндө буга чейин ат минип жайлоого чыгып, «эшектей ат минип алыптыр» деген кепке калганын айтты.

Количество просмотров: 4258