• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров Германиянын ири компанияларынын өкүлдөрүн кабыл алды

25 Тогуздун айы 2023 17:35 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, адистештирилген жабдуулардын кеңири спектрин өндүрүү тармагындагы ири германиялык компаниялардын жетекчилерин кабыл алды.

Атап айтканда, «Arinstein Maschinen und Anlagenbau» — станокторду жана системаларды иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча компания, «Arpack Polska» — пластик таңгактоочу продукцияны, «WWW Wasserkraft» — турбиналарды, гидравликалык системаларды жана гидроэлектростанцияларды чыгарат.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Германия кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча биргелешкен чараларды көрүп жатканын белгиледи.

Президент жакында Германияга болгон сапарын, анда өлкө жетекчилиги менен жемиштүү сүйлөшүүлөр болгонун жана Борбор Азия жана Германия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Саммитинин ишине катышуусун эске салды.

Садыр Жапаров бул жолугушуу өлкөлөрдүн эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана чыңдоого болгон так умтулуусун тастыктайт, бул өнөр жай тармагында өз ара аракеттенүүгө сезилерлик түрткү берет, деп белгиледи.

Айтылган компаниялардын абдан бай жана ийгиликтүү тажрыйбасын жана кыргыз тараптын кызматташууга кызыкдарлыгын эске алуу менен Мамлекет башчысы бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактар боюнча тил табыша ала тургандыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле кыргыз тараптын өлкөдө бизнести ыңгайлуу жүргүзүү үчүн жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү жана бардык шарттарды түзүү боюнча жүргүзүп жаткан реформалары тууралуу айтып берди.

Бул контекстте Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасында өндүрүш объекттерин ачуу жана өнүктүрүү демилгелерин колдоо аркылуу биргелешкен жемиштүү ишке даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде германиялык компаниялардын жетекчилери кыргыз тарап менен өнөктөштүккө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кылдат изилдөөгө даяр экендиктерин белгилешти.

Алар болжолдонгон өндүрүштөрдүн иши Кыргызстандын рыногунун муктаждыктарына гана багытталбастан, жалпысынан өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулата турган продукцияларды өндүрүү ниети бар экенин баса белгилешти.

Жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ар бир сунушталган компанияны ишенимдүү ишкер өнөктөш катары караарын жана биргелешкен аракеттер менен өз ара пайдалуу жана алгылыктуу шарттарга негизделген бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга болоорун кошумчалады.

Количество просмотров: 61