• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Индиянын премьерине теракттан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

23 Чын куран 202514:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Пахалгам шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Пахалгам шаарындагы террордук акттын кесепетинен көптөгөн күнөөсүз адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бул кылмыш эч кандай актоого жатпайт жана анын уюштуруучулары менен аткаруучулары тиешелүү жазага тартылышы керек деп эсептейбиз.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгыларын тең бөлүшүп, көңүл айтам, жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат телеграммада.

Индиянын түндүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймактарындагы куралдуу кол салууда 27 киши көз жумуп, 12 адам жаракат алганы кабарланган эле.

Количество просмотров: 335