• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

28 Чын куран 20259:07 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Бандер-Аббас шаарында Шахид Ражаи деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Ирандын Бендер-Аббас шаарындагы Шахид Ражаи деңиз портунда жарылуу болгон. Анда 40 адам каза болуп, 1200дөн ашык адам медициналык мекемелерге жаткырылганы маалымдалган.

Количество просмотров: 254