• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров июнь окуясына карата кайрылуу жасады

10 Кулжа 2022 9:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров июнь окуясынын 12-жылдыгына карата кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ардактуу алыс-жакында жүргөн мекендештер!

Жети дубан эли бар, жети башка өзгөчөлүү жери бар Мекенибиз — Кыргызстандын башынан нелер гана өткөн жок. Элибиз эмне деген гана мезгилдерди, эмне деген гана оош-кыйыш тагдыр чечер күндөрдү көрбөдү. Мына ошолордун баарынан улуу нарктын, каада-салттын, бекем ынтымактын, урагыс биримдиктин аркасында сакталып келе жатабыз.

Эгемендикке ээ болгон 30 жыл ичинде тарыхтын оор сыноолорунан кыйгап өтүп кете алган жокпуз. Алардын бири – 2010-жылдагы каргашалуу Июнь окуясы.

Эзелтен эле көп улуттун өкүлдөрү байырлаган үч миң жылдан ашуун тарыхы бар байыркы Ош калаабыз менен жаштыктын шаары атанган, жайлуу Жалал-Абад шаарында тышкы күчтөр, ички сепаратисттер – өлкөбүздүн келечегине көрө албастык кылган душмандар бизди бөлүп-жаруу аракеттерин жасашты. Ошол күчтөр мамлекеттин келечегин эмес, өз кызыкчылыгын ойлоп, коомго улуттар аралык кастык мамилени козуткан жалган маалыматтарды таратып, ынтымагыбызга доо кетирип, коюн-колтук алышып жашаган эки элди бөлүп-жарды. Кан төгүлүп, энелер боздоду, аталар сыздады, балдар жетим, аялдар жесир калды. Эң коркунучтуусу Ата Мекендин бүтүндүгүнө доо кетирген коогалаңга туш болдук.

Бирок карт тарыхта мындан да оор, мындан да кыйын тагдырларды баштан кечирген элибиз кеменгерлиги, кең пейилдиги, даанышмандыгы, сабырдуулугу менен ортодогу жалындаган өрттү өчүрүп, бүтүндүгүбүздү сактап калды. Тынчтык турмушту калыбына келтирүүнүн жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүнүн уникалдуу үлгүсүн көрсөттү. Элибиздин ушул асыл сапатын, нарк-насилин баалай билишибиз зарыл!

Биз ар жылы ошол апаатта кайтыш болгондорду эскеребиз, Жараткандан аларга бейиштен орун берсин деп тилейбиз.

Кыргыз эли жардамга кол сунгандарды эч качан эсинен чыгарбайт. Ошол оор күндөрү өлкөбүзгө колдоо көрсөткөн бардык тараптарга, эл аралык коомчулукка ыраазылык билдиребиз. Жабыр тарткандарга жардамын аябаган жалпы журтубузга ыракмат айтабыз.

Мына ошол каргашалуу окуя бир чөлкөмдө жашаган бардык этнос өкүлдөрүнө ынтымак баарынан бийик турарын дагы бир ирет далидеди деп ойлойм. Каргашалуу апаат көп нерсеге көзүбүздү ачып, өлкөнүн биримдигине байланыштуу ар бир аракетибизге аяр мамиле кылуу керектигин таамай тастыктап берди. “Мен – кыргызстандыкмын!” деп сыймыктанган ар бир жаранга өлкө үчүн жооптуу экендигин сездирди.

Бул күн бизге кандуу калабаны эске салуу менен бирге, мындан ары достук-ынтымак мамилени чыңдоо милдетин эскертип турат! Эң оболу келечек муун үчүн кубаттуу жана өнүккөн Кыргызстанды куруу мойнубуздагы ыйык парз экенин сездирип турат!

Өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда ар дайым улуттар арасындагы биримдикти жана этностордун ортосундагы ынтымакты коргоо маселеси турушу кажет. Өлкөбүздө улуттук саясатты жүзөгө ашырууда абдан кылдаттык зарыл!

Кыргызстанда кайсы гана улуттун өкүлдөрү болбосун – баарыбыз бардык улуттардын маданиятына, үрп-адат, каада-салтына аяр мамиле жасоо керектигин эгерим эстен чыгарбашыбыз керек.

«Ынтымагы бар элдин – ырыскысы мол болот» дейт элибизде, мындан ары кагылыштарды болтурбоо үчүн этносторду бириктирген жалпы идеология, жаштарды толеранттуулукка тарбиялоого багыт болушу керек. Кыргызстаныбыздын кызыл байрагынын астында башыбызды бириктирип, өлкөбүздү алга сүрөшүбүз зарыл!

Кыргызстандагы тынчтыкты жана бакубатчылыкты өзүбүздөн башка эч ким камсыз кыла албайт.

Жараткан эл-жерибизди колдосун! Жолубузду ачып, ынтымак, берекет берсин!”.

Количество просмотров: 137