• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берет

7 Кулжа 202218:25 Бишкек Govori.TV

Эртең, 8-июнда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара УТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир болжолдуу 10:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Камбар-Ата-1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Количество просмотров: 189