• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Казакпаевдин өлүмү менен Асанбаевдин өзүнө кол салуу фактысы боюнча комиссия түздү

18 Кулжа 2022 20:37 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, ошондой эле «Айыл банк» ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын бейтараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, комиссия окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп, анын ишинин жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет.

Количество просмотров: 549