• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Казакстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

30 Бугу 2021 11:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 29-майда, өлкөгө расмий иш сапары менен келген Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгынын достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда өнүгүп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров учурда эки өлкөнүн алдында мурда жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта кызматташуу милдеттери турганын айтты.

Баарлашуунун жүрүшүндө, ошондой эле, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларга жана Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча маселелерге да токтолушту.

Садыр Жапаров кыргыз тараптын жаңжалды бир гана тынчтык жана саясий-дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу боюнча жасаган аракетинин натыйжасында абалдын андан ары курчуп кетишине жол берилбегендигин кошумчалады.

Мамлекет башчысы талкаланган инфраструктураны жана социалдык объектилерди, турак жайларды калыбына келтирүүнү, ошондой эле жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүүнү биринчи кезектеги милдет катары атады.

Премьер-министрдин орун басары — Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди мамлекет башчысына Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин саламын жеткирди.

Ал расмий иш сапарынын башкы максаты эки өлкө ортосундагы боордоштук мамилелерди тереңдетүү экендигин баса белгиледи.

Тышкы иштер министри Казакстан Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларды олуттуу кабыл алганын кошумчалады.

Мухтар Тлеуберди Казакстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ал эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын макулдашуусун ишке ашыруунун алкагында учурда Казакстан менен Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары соода жүгүртүүнүн көлөмүн жылына 1 млрд АКШ долларына чыгаруу боюнча иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи.

Мухтар Тлеуберди Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан коомдук-саясий реформаларды, анын ичинде өлкөнүн жаңы Конституциясын кабыл алуусун Казакстан толугу менен колдой тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең өлкөлөр ортосундагы стратегиялык мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Количество просмотров: 131