• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров Казакстанга кетет

16 Аяк оона 202415:46 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстан Республикасына иш сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, сапардын алкагында мамлекет башчы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат.

«Тараптар регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө Борбор Азия регионунун Германия Федеративдүү Республикасы менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу, ошондой эле Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Количество просмотров: 96