• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров: Казино ачылып калса, быйыл 1 млрд сомдон 2 млрд сомго чейин киреше алабыз

22 Кулжа 202216:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында оюн-зоок иши жөнүндөгү мыйзамдын долбоору каралууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин өкмөт 123 млрд сомдук антикризистик пакет кабыл алганын белгилейт.

“Анын ичинде оюн-зооктон каражат алабыз деген эсептөөлөр менен келип сиздердин алдыңыздарда отурабыз. Эртерээк мыйзам долбоорун колдоп берсениздер, быйыл 1 млрд сомдон 2 млрд сомго чейин киреше алабыз”, — дейт ал.

Казиного уруксат берүү мыйзам долбоору кабыл алынып калса, оюн-зоок жайына чет элдик жарандар гана киргизилип, Кыргызстандын жаранына кирүүгө тыюу салынат.

Количество просмотров: 841