• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров: «Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90% менен өтөм деп ишенем»

30 Аяк оона 202521:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн президент Садыр Жапаров Жогору Кеңештин өзүн өзү тараткандыгы боюнча кайрылуу жасап, мындай демилге менен чыккан депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Президенттин айтымында, кийинки жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, Көчмөндөр оюндары да өтөт, ал эми эки чоң саясий өнөктүк удаа келип калганы кыйынчылык жаратмак.

Ошондой эле Жапаров коомчулукта айтылып жаткан айрым кептерге да жооп берген.

«Кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн. Жок, туугандар. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун. Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем»,-деди президент.

Количество просмотров: 481