• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024
DECEMBER 1: (L-R) António Guterres, United Nations Secretary-General, Akylbek Zhaparov, Chairman of the Cabinet of Ministers of the Kyrgyz Republic and His Highness Mohamed bin Zayed Al Nahyan, President of the United Arab Emirates and Ruler of Abu Dhabi during the UN Climate Change Conference COP28 at Expo City Dubai on December 1, 2023, in Dubai, United Arab Emirates. (Photo by COP28 / Mahmoud Khaled)

Жапаров климат боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышууда

1 Бештин айы 2023 15:06 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммиттин ачылыш аземине катышуу үчүн “Expo City Dubai” көргөзмө борборуна келди.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында өткөрүлүүдө. Бул жылы ага 70 миңден ашуун адам катышууда, анын ичинде 140тан ашуун өлкөнүн лидерлери да бар. Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Иш-чарага келген делегация башчыларын БАЭ Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

Андан соң Президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментинде улуттук билдирүү жасайт.

Количество просмотров: 87