• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров ӨКМге МИ-8 тик учагын тапшырды

18 Тогуздун айы 2023 8:59 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 17-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине адам өмүрүн сактап калууга жана куткаруучулардын шашылыш жардам көрсөтүүсүнө багышталган МИ-8 МТВ 1 тик учагын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

МИ-8МТВ тик учагы — жүргүнчүлөрдү ташуучу, транспорттук жана өрткө каршы варианттарында чыгарылган көп максаттуу тик учактардан. Тик учактын негизги максаты – жүк бөлүгүндө 4 тоннага чейинки салмактагы жүктөрдү ташуу, таразалоочу аппарат менен жабдылган вертолетко орнотулган тышкы кабелдик асма чоң өлчөмдөгү жүктөрдү ташууга мүмкүндүк берет. Тик учак адамдарды ташуу үчүн колдонулушу мүмкүн, ал үчүн жылытуу жана желдетүү системасы менен жабдылган жүк ташуучу кабинада 24 кишилик бүктөлүүчү отургучтары бар. Бейтаптарды ташуу үчүн кабинада 12 замбилдерди жана тиешелүү медициналык жабдууларды орнотуу үчүн түйүндөр бар. МИ-8МТВ 1 тик учагы жөнөкөй жана татаал аба ырайынын шарттарында аэродромдордон жана даярдыгы жок аянттардан күнү-түнү өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара алат.

Белгилей кетсек, тик учак 2022-жылы Россия өкмөтүнүн өрт өчүрүүчү жана тик учак техникасын сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө токтомунун негизинде берилип жатат. Бул документке ылайык, 20 млн АКШ доллар өлчөмүндө өрт өчүрүүчү жана тик учак техникасы түрүндө техникалык жардам көрсөтүү 2 этап менен ишке ашыруусу каралган.

Биринчи этапта жалпы суммасы 8 млн долларга барабар болгон 40 өрт өчүрүүчү автоцистерна сатылып алынып, Бишкек шаарына жеткирилген болсо, экинчи этапта 12 млн АКШ долларынан ашык суммага барабар болгон МИ-8 МТВ 1 тибиндеги тик учак Бишкекке жеткирилди.

Мамлекет башчысы салтанаттуу аземдин алкагында Кыргызстанга асыл миссия менен келген Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясына ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров 2022-жылдын сентябрында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде Россиянын президенти Владимир Путин менен жетишилген макулдашуулар тууралуу эске салды, ошондо россиялык кесиптештер Кыргызстанга 20 миллион АКШ долларлык өрткө каршы жана атайын авиациялык техника түрүндө техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырасташкан.

«Бул гуманитардык долбоордун алкагында үстүбүздөгү жылдын март айында биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 40 даана өрт өчүрүүчү автоцистерналар берилген, алар биздин өрткө каршы кызматыбызды кыйла бекемдеди жана азыркы учурда өрттү өчүрүүдө, авариялардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда ийгиликтүү колдонулууда. Бүгүн биз Сиздер менен МИ-8 тик учагын кабыл алуу-өткөрүп берүү аземинин экинчи этабынын аякташына катышып жатабыз.

МИ-8 эң заманбап авиациялык талаптарга жооп берет, издөө-куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылган, бул өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында турган милдеттерди ыкчам аткаруу үчүн абдан зарыл», — деп белгиледи президент.

Кыргызстан тоолуу рельефтерден жана климаттын глобалдык өзгөрүүсүнөн улам табигый кырсыктарга дуушар болуп жатканын айтып, Садыр Жапаров өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын авиациялык техникага болгон муктаждыгын белгиледи.

«Жабырлануучулардын өмүрү жана адамдардын ден соолугу куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен көз каранды. Жалпысынан алганда, биз өзгөчө кырдаал зонасында бир дагы маселе атайын авиацияны колдонбостон ийгиликтүү чечилбей турганын түшүнөбүз. Муну түшүнгөнүбүздөн өткөн жылдын июль айында биз эгемендик жылдардан бери биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен заманбап Airbus тик учактарын сатып алдык. Бүгүн бул салтанаттуу күнү Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиациялык паркы заманбап МИ-8 тик учагы менен толукталууда. Бул көп максаттуу тик учакты колдонуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиациялык издөө-куткаруу кызматына жабыркагандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатат. Жардам көрсөтүүнүн ыкчамдыгы анын натыйжалуулугунун милдеттүү шарты болуп саналат», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Соңунда Садыр Жапаров Кыргызстандын жана Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин кызматкерлерине эмгеги үчүн, Россиянын жетекчилигине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу жана өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык потенциалын чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Россиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери боюнча министри Александр Куренковго эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча активдүү иши үчүн «Данк» орденин да тапшырды.

Количество просмотров: 87