• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров Коргоо министринин орун басарларын алмаштырды

3 Тогуздун айы 2023 10:46 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемелерге ылайык, Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Эрлис Тердикбаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Руслан Мукамбетов Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабынын башчысы – коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Акылбек Ибраев коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Алмазбек Карасартов коргоо министринин орун басары кызматына – Куралдуу Күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.

Количество просмотров: 92