• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Криминал жок болот

14 Тогуздун айы 2020 13:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында ЖКнын депутаттары кезексиз жыйынга согулуп, Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралууда. Учурда суроо-жооп учуру болууда. Анда депутат Дастан Бекешев азыр байма-бай айтылып жаткан криминалдарга кандай чара көрүлөрүн сурады.

Ага жооп берип жатып Садыр Жапаров криминалга каршы катуу күрөш жүрөт деп убада берди.

“Криминал жок болот, аны менен катуу күрөшөбүз. Биз да өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй криминалсыз жашайлы. Силер мага ошого жардам бергиле”, – деди Жапаров.

Количество просмотров: 308