Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Куланак” гидроэлектростанциясынын курулушу менен таанышты.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жапаров Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикасы боюнча ишке ашырыла элек ири потенциалын эске алуу менен ГЭС куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Биздин жергиликтүү инвесторлор биринчи жолу ГЭСтерди кура баштаганына кубанычтамын. “Куланак” ГЭСинин кубаттуулугу 100 МВт болот”, — деди Акылбек Жапаров.