Бүгүн, 20-майда «Кумтөр» боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы депутат Акылбек Жапаров маалымат жыйын өткөрдү.
Анда аталган комиссиянын төрагасы Жапаров Канадалык компания менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы шарттарды макулдашкан өлкөнүн мурдагы жетекчилеринин жоопкерчилиги тууралуу суроого жооп берди.
«Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы чыккандар боюнча, чет мамлекеттик уюмдардын кызыкчылыгын коргогондор боюнча атайы берене бар. Бул ишти укук коргоо органдары териштирет», — деди Акылбек Жапаров