• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаров: «Кумтөрдү» иштетип кете алабыз

17 Бугу 2021 15:08 Бишкек Govori.TV

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кенди иштетүү Кыргызстанга убактылуу өтсө адистер ага даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал депутат Таабалды Тиллаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Парламент бүгүн саясий чечим кабыл алып колдоп берсе биз финансылык жактан даярбыз. Алтынды өзүбүз сатканга жана экономикага иштеткенге бардык механизмдерди үч айда бүтүрдүк. Үзгүлтүккө учурабайт. Биз кенди 24 саат иштеткенге даярбыз. Финансы министрлиги 25 млн долларга тийиштүү насыя бергенге даяр. 2006-жылы да жумушчу топтун жетекчиси болуп турганда мен министр катары «Кыргызалтын» ишканасына 25 млн доллар берип, алтынды үзгүлтүксүз сатып алып, кайра сатып турганбыз. Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген эки жараныбыз келди. Алар «Кумтөрдөн» да чоң ишканаларды иштетип жүргөн. Укук коргоо органдары менен да коопсуздук жагынан иштеп жатабыз. Бешинчи күнү чет жактан өчүрүү болду. Азыр бул боюнча да иштеп жатабыз», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик комиссия министрлер кабинетине Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизүү сунушун берди. Ошондой эле укук тартибин коргоо органдарына, Башкы прокуратурага кенге байланыштуу буга чейин жетишилген келишимдерге кол койгон, аларга катышкан мурдагы президенттерге, премьер-министрлер менен тиешелүү жетекчилерге юридикалык баа берүү сунушталды.

Количество просмотров: 272