• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жапаров: «Кумтөрдү» мамлекетке кайтаруунун кажети жок

10 Тогуздун айы 2020 19:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин кароодо. Жапаров өкмөттүн азыркы курамы өзгөрбөстөн каларын билдирди.

Анда талапкер Жапаровго эл өкүлдөрү суроо, сунуштарын берип жатышат. Депутат Талант Мамытов Садыр Жапаровго «Кумтөр» боюнча суроо узатып, 2012-жылы көтөрүлгөн бул маселенин аягына чейин чыгасызбы деди.

Ага жооп берген Жапаров учурда Кумтөрдү кайрадан мамлекетке кайтаруунун кажети жок деди.

«Мен турмөдө жатканда журналисттер мындан эки жыл мурда «Кумтөр» боюнча позициясы кандай деп суроо узатышкан болчу. Ошондо мен жооп бергем. Мындан сегиз жыл мурда алсак болмок, азыр анын эч нерсеси деле калбай калды. Андан көрө аны аягына чейин иштетип, бузулган тоолорду калыбына келтирүү керек. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп «Кумтөрдү» Кыргызстанга иштетебиз. Коомчулукка айтып коеюн мен Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча оюмдан эки жыл мурун кайткам», — деп жооп берди.

Парламентин жыйынынын күн тартибинде жаңы депутаттын ант берүүсү, Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү жана жаңы өкмөт курамын бекитүү маселеси каралууда. Жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Количество просмотров: 8508