• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров кыргыз-тажик чек арасында болгон чыр-чатак боюнча пикирин айтты

13 Чын куран 2022 22:57 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон акыркы чыр-чатак боюнча 13-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына билдирүү жазды. Ал өлкө демократиялык жолдон тайбай турганын, сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталарын билдирди.

“Бирок жалпы журналисттерден, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарыбыздан бир нерсени суранам. Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула. Бул кылыгыңар моралдык этикага туура келбейт. Мындай кылыгыңар менен абалды ого бетер курчутканга, эки элди кайраштырууга түрткү болуп жатасыңар. Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар”, — деп жазды Садыр Жапаров.

Президент сөз эркиндиги деген шылтоо менен жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Количество просмотров: 283