• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров Кытайга барат

26 Чын куран 2023 17:22 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айында Кытайга мамлекеттик визит менен барат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган жолуккан. Тараптардын жолугушуусу 26-апрелде Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” тышкы иштер министрлеринин IV жыйынынын алкагында өткөн.

Тараптар саясий диалогду мындан ары чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык байланышты жана коопсуздук секторун өнүктүрүү контекстинде кыргыз-кытай мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын май айында Кытайга биринчи мамлекеттик сапарын уюштурууга, ошондой эле мамлекет башчысынын “Борбор Азия — Кытай” биринчи саммитине катышуусуна даярдык көрүү маселелерине бурулду.

Количество просмотров: 79