• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров Мадумаров тууралуу: «Саясатчылар жалган айтканды токтотсо жакшы болмок…»

25 Бирдин айы 2023 10:18 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кабар агенттигине маек берип, Кумтөр боюнча маалымат айтып жатып, депутат Адахан Мадумаровдун буга чейин айткандарына токтолгон. Маекти төмөнкү жактан окуңуз:

 Саламатсызбы урматтуу Акылбек Үсөнбекович!

— Саламатчылык!

— Акылбек мырза, “Кумтөр” Кыргызстанга өтөт, андан кийин өттү дегенде эле коомчулукта “Кумтөрдө” канча алтын бар?” деген суроо кызуу талкуу жараткан. Анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы бул суроо кызыктырган. Президент Жапаровдун депутаттык комиссия түзүп “Кумтөргө” барып маселе менен жеринде таанышуу сунушу болгону эсибизде. Ал турсун депутаттык комиссияны оппозициялык маанайдагы Адахан Мадумаровду жетектөө да сунушталып, ал баш тарткан. Андан кийин ал комиссиянын төрагасы болуп депутат Исхак Масалиев шайланып, бирок көп өтпөй ал дагы баш тарткан. Ушул жылдын январынын соңунда сиз депутаттык комиссия менен “Кумтөргө” барып процессти толук көрсөтүп келдиңиз. Эми бул комиссиянын бир мүчөсү, депутат “Кумтөрдөгү алтын-күмүш менен кааласак тышкы карызды азыр деле жаап салса болот” дегендей маек берди. Чын эле, азыр эле ошол кен байлыгыбыз менен тышкы карызды жаап салсак болобу?

— Анда сөз башынан болсун. 2021-жылы президентибиз «Кумтөрдү» алдык, мындан ары «Кумтөрдүн» алтыны кыргыз мамлекетинин пайдасына иштейт» деп жар салганда, айрым сабаттуу депутаттар: «Бул эч качан ишке ашпайт. Эл аралык соттон утулабыз. Миллиарддаган долларга жыгылабыз. Сабатсыздар Кумтөрдү мыйзамсыз алды. Ит эле болобуз» деп кыйкырып чыккан. Ит болбой эле алып койдук. Ошондон бери «Кумтөрдүн» алтыны чогулуп жатат. Бүгүн 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулду. Мен 90-чу жылдардан бери саясатта жүрөм. Бирок буга чейин мындай жемиштүү иш болгон эмес. Эки жылда эле 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулта алдык. Азыр Улуттук банкта жатат. Кечээ жакында депутаттарды алып барып көрсөтүп чыктым.

— «19 тонна алтын уурдалыптыр» деп айтып чыгышты эле? Уурдалбаптырбы?

— Мындай жоопкерчиликсиз сөздү Адахан Мадумаров айтып чыкканы эсимде. Ошол замат эле президентибиз: «Депутаттык комиссия түзгүлө. Башына Мадумаровдун өзүн койгула. Барып текшерип келип, жыйынтыгын элге жарыяласын» деген сунушун киргизген. Комиссия түзүлгөн. Бирок Мадумаров комиссиянын башына туруштан баш тарткан. Андан кийин Исхак Масалиевди коюшкан. Кийинчерээк ал дагы баш тартты. Андан кийин Арсланбек Маалиевди коюшту. Ошондон кийин барып текшерип көрүшүп, бир грамм алтын уурдалбасына көздөрү жетти.

— Эмнеге Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев экөө комиссиянын башына туруштан качышты? Өздөрү айтып чыгышпады беле?

— Жоопкерчиликти сезбеген саясатчылар ушундай болот. Элге жакшы көрүнүш үчүн балп дедиртип жалганды айтып кое беришет. Жоопкерчиликти унутуп коюшат. Сотко берсең жоопко тартылышат. Анан «Саясий куугунтук болуп жатат» деп кыйкырып чыгышат. Бизде тилекке каршы ушундай көрүнүш калыптанып калган. Ошол үчүн саясатчылар жалган айтканды токтотсо жакшы болмок.

— “Кумтөрдүн” кен жайдагы ишмердүүлүгү учурда кандай экен? Депутаттык комиссия мүчөлөрү бардыгы эле ынаныштыбы? Балбак мырза сырткы карызды азыр төлөп койсо болот деп чыкты. Чын эле азыр төлөп салсаңар болобу? Болсо эмне үчүн төлөбөй жатасыңар?

 Ооба, азыр төлөп койсок да болот. Бирок келишим боюнча мөөнөтүнөн эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет. Келишимде эгер мөөнөтүнөн мурда төгөбүз десеңер анда үстөгүн 2 пайыз эмес, баланча пайыз менен төгөсүңөр деп көрсөтүлгөн.

Ошол үчүн сырткы карызды график боюнча эле төлөгөн туура болот. Кудайга шүгүр. Карыздарыбыздын баарын өз убагында график менен төлөп берүүгө кудуретибиз жетет. Эң негизгиси бөөдө кырсыктан сактап, өлкөбүздө тынчтык болуп турса болду.

Количество просмотров: 1033